Макрон Дуровдун кармалышы саясий чечим деген сөздү четке какты

Президент Дуровго байланыштуу чечимди соттор кабыл аларын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Франция президенти Эммануэль Макрон Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров саясий чечимдин негизинде кармалганын четке какты. Бул тууралуу ал Х социалдык тармагына жазганын РИА Новости агенттиги таратты.
Ишемби күнү кечинде Франциянын ЖМКлары Павел Дуров Париждеги Ле-Бурже аэропортунан кармалганын маалымдашкан. Ал Францияга Азербайжандан барган. Дуров жеке учактан чыгып баратканда кармалып, камакка алынган. Франциянын маалымат каражаттары Дуровдо Франциянын жарандыгы бар экенин, ал издөөдө жүргөндөрдүн тизмесинде болгонун жазышты. Франция ЖМКларынын маалыматы боюнча, Париж соту Telegram мессенжеринин өлкө бийлиги менен иштешүүдөн баш тартуусу Дуровду бир катар кылмыштарга катыштырып жатат деп эсептейт. Ишкерге террорчулук, баңгизат сатуу, алдамчылык жана мыйзамсыз каражатты адалдоо боюнча айып тагылышы мүмкүн. Франциялык журналист Сирил Амурскийдин билдирүүсүнө ылайык, Дуров 20 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал.
"Кармоо, жүрүп жаткан соттук териштирүүлөрдүн алкагында болду. Бул эч кандай саясий чечим эмес. Чечимди соттор кабыл алат", - деп жазган Макрон.
Медведев: Дуров Россиянын душмандары үчүн орус, ошондуктан ал коркунучтуу