Андрей Стенин атындагы фотосынактын быйылкы жеңүүчүлөрү сентябрда жарыяланат

Конкурстун эл аралык калыстар тобу бул жылы он мамлекеттен 32 сүрөтчүнүн эмгегин тандап алган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Андрей Стенин атындагы фотожурналистика боюнча Х эл аралык сынактын уюштуруу комитети быйылкы жеңүүчүлөрдү 3-сентябрь күнү Россиянын жаңы тарых мамлекеттик музейинде өтө турган салтанаттуу аземде жарыялайт. Ушул эле иш-чарада баш байгенин ээси аталмакчы.
Сынактын эл аралык калыстар тобу бул жылы 36 мамлекеттен жөнөтүлгөн эки миңден ашуун эмгектин ичинен Бангладеш, Улуу Британия, Испания, Индия, Кытай, Мьянма, Россия, Сирия жана Түштүк Африка Республикасынан 32 фотографтын сүрөттөрүн тандап алган.
Жеңүүчүлөрдүн эмгектери Россиянын жаңы тарых мамлекеттик музейинде (Москва, Тверская көчөсү, 21) сентябрдын аягына чейин көргөзмөгө коюлат.
Салтанаттуу азем менен бирге сынак лауреаттарынын сүрөттөрүнүн салтка айланган турнеси да башталат. Эл аралык роуд-шоу Эфиопия, Сербия жана Аргентинанын галереялык аянтчаларында мерчемделди, эл аралык турненин географиясы мындан да кеңее бермекчи.
ЖМК өкүлдөрү үчүн accreditation@ria.ru сайтып иштеп жатат.
Украина, Донбасс. Согуш өмүрүн алган журналисттер. Видео