Аксыда мөмө-жемиш сактаган кампа, какты кайра иштеткен борбор курулду

Кампанын курулушуна 22 миллион, логистикалык борборго 26 миллион сомдон ашык каражат сарпталган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда мөмө-жемишти сактай турган логистикалык кампа курулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 22 миллион сомго курулган кампага 500 тонна мөмө-жемиш батат. Ишкана сезон убагында 10дон ашуун жергиликтүү тургунду жумуш менен камсыз кылат.
"Аталган райондун Жерге-Тал айылында мөмө-жемиштин кагын кайра иштетүүчү логистикалык борбор сентябрь айынан тарта толук кандуу ишке кирет. Анда сезон убагында 25 адам иш менен камсыз болот. Курулушка жана аны керектүү жабдык менен камсыздоого жалпысынан 26 миллион 800 миң сом сарпталган. Борбордо кара өрүктүн кагын кайра иштетип, фасовкалап, таңгактап, даяр продукцияны Казакстан, Россия жана Өзбекстан мамлекеттерине экспортко чыгаруу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.
Ишкананын кубаттуулугу күнүнө 50 тонна мөмө-жемишти кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүндө 39 өнөр жай ишканасын ачуу пландалууда