Кыргызстандын окуучулары айрым сабактарды Сингапурдун китеби менен окуйт

Китептер толугу менен эки жылда даярдалып бүтөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызстан математика, физика, химия, англис тили боюнча Сингапурдун китептери менен окуй баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Ведомство Сингапурдун Marshall Cavendish басмасынан математика (алгебра, геометрия), табигый илимдер (табият таануу, физика, химия, биология), англис тили предметтери боюнча иштелип чыккан окуу-методикалык комплекстерге мөөнөтсүз лицензия алынганын кабарлады.
Министрлик бул китептер англис тилинен кыргыз, орус тилдерине которулуп жатканын айтып, эки тилдеги китептер эки жылда даярдалып, жетиштүү нускада басыларын кошумчалады.
Окуу китептеринин электрондук варианты атайын платформага жүктөлөт