Орто кесиптик адистерди даярдап, жумушсуздукту азайтууга салым кошкон автоэлектрик

Sputnik
Мезгилге жараша бардык нерсе өзгөрүп, жаңы нерселер пайда болуп же илгертен келе жаткан нерсени деле жаңы ыкма менен жасай башташат. Автоэлектрик Мирбек Майрыков дагы замандын ыргагынан артта калбай өз кесибин интернет аркылуу даңазалаган блог алып барат, ошондой эле жаштарга онлайн жана оффлайн үйрөтүп келет.
Орто кесиптик адистерди даярдап, жумушсуздукту азайтууга салым кошуп жаткан Мирбек Майрыков студиябызга келип, автоэлектрик кесибинин күңгөй-тескейи жана интернеттеги хейтерлери тууралуу айтып берди.