Аялдарын чачын кыркып сатууга үндөгөн жакыр мамлекет. Түштүк Кореянын өнүгүү тарыхы

Sputnik
Агрардык өлкө болууга анчейин деле ылайыксыз экенине карабай күрүч эгип жанын сактап, аялдардын чачын кесип парик жасап сатууну мамлекеттик саясатка айландырган Түштүк Корея жарым кылым өтпөй болуп көрбөгөндөй өнүккөн. Туруксуз башкаруу саясаты, сырттан келген күчтөрдүн баскынчылыгы, экономикалык кризистер өлкөнү алсыратып турган. Пак Чон Хинин бийликке келиши менен мунун баары түп-тамырынан өзгөргөн. Чөгүп бараткан кемедей болгон өлкө кыска убакытта кантип өндүрүшүн жолго кое алды?
Дүйнөдөгү кеме куруу индустриясынын 50 пайызын аз убакытта ээлеп, күчтүү өндүрүштүк державага айлана алган Түштүк Кореянын экономикалык тарыхы тууралуу Улукман Мамытов кеп салат.