Кыргызстанда өндүрүлгөн көмүрдүн көлөмү жетиштүү — чет өлкөлөргө дагы экспорттолобу?

Sputnik
Республикада аймактарга жараша көмүрдүн ар кандай түрү колдонулат. Мисалы, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облусунда жашоочулар Кара-Кече көмүрүн колдонушат. Элди көмүр менен камсыздоодо эң биринчи жеткирүү маселеси жаралат. Ал эми баасы болсо, көмүр чыгарылган жеолерде баасы арзан болот. Алысыраак аймактарда андан кымбат болуп калат. Ошондуктан көмүр республика боюнча жайгашкан жерине жараша таратылат. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, “Кыргызкөмүр” ишканасы быйыл Бишкек ТЭЦти 520 миң тонна кара алтын менен камсыздайт. Талап боюнча, көмүр 3800 килокалориядан кем болбошу керек. Ошондуктан Кара Кече талаптарга жооп берет. Анын калориясы 4200дөн баштап, 6000ге жетет. Ал эми Ак-Улак сапаты, калориясы кандай?
Буга чейин жагылып жүрдү беле? “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Күлчоро Молдалиев жооп берди.