Республика боюнча калктуу конуштун 47 пайызы ичүүчү таза сууга муктаж

Sputnik
Республика боюнча 1 996 калктуу конуштун ичинен 1071 (47 пайыз) айыл таза сууга муктаж. Ал эми 41 пайызы таза суу менен камсыз болгон. Ичичүү таза суу чыгаруу иштери 260 айылда (19 пайыз) жүрүп жатат. Республикалык бюджеттен 2 миллиард каражат бөлүнүп, иштер аткарылууда. Мындан тышкары Бүткүл дүйнөлүк банктан 68, 2 миллион сом сарпталып, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облусундагы 93 айылды таза суу менен камсыздалат. 13 айылында бүткөнү турат. Бул айылдарда пандемиядан кийин каражаттын жетишсиздигинен курулуш иштери токтоп калган. Таза суу менен камсыз кылуу кайсы аймактарда жүрүп жатат? Чыгарылган таза суунун сапаты талапка жооп береби? “Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Шадманов жооп берди.