Өкмөттүн айыл чарбасындагы илим, технология жана адисттерди даярдоо жаатындагы өзгөчө планы кантип ишке ашат?

Sputnik
"Агроөнөр жай комплексин мындан нары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Анын башкы максаты - Агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу көздөйт. Жарлыкта негизги 5 багыт тандалып алынып, бул боюнча аткарылчу милдеттер, пландар коюлган. Бүгүн ушул беш багыттын бири: Агрардык илимди өнүктүрүү, прогрессивдүү жана инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүү, адисттерди даярдоо, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн билим денгээлин жогорулатуу, фермерлерди ыкчам маалыматтарга жетишүүсүн камсыз кылуу милдеттенмеси тууралуу кеп кылабыз.
Бул нерселер кантип ишке ашат, кандай тоскоолдуктар болушу ушул жана башка суроолорго Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин директору Мыктыбек Каландаров жана К.И. Скрябин атынданы кыргыз улуттук агрардык университетинин, мал чарбасындагы жана аквакультурадагы менеджмент кафедрасынын башчысы, айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент, билим берүүнүн отличниги. Ишенбек Алыкеев жооп берди.