Акылбек Жапаров Ысык-Көлгө барып сел жүргөн айылдарды көрүүдө

Министрлер кабинетинин башчысына беш үй жараксыз абалга келгени тууралуу маалымат берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көлдөгү сел жүргөн айылдарга барды. Ал жабыркаган үйлөрдү көрүп, жергиликтүүлөр менен жолугушканын өкмөттөн маалымдашты.
Министрлер кабинетинин башчысына беш үй жараксыз абалга келгени тууралуу маалымат берилди. Жапаров табият кырсыгынан жабыркаган бир да адам мамлекеттин көз жаздымында калбай турганын билдирген.
Эске салсак, 18-августта Ысык-Көл облусунда катуу сел жүргөн. Ысык-Көл, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Нөшөрлөгөн жамгырдан улам келген сел 380 үйдү, 11 дүкөн, беш пансионатты каптаган. Анын кесепеттерин жоюу үчүн 400дөн ашык адам иштеп жатат.
Ысык-Көлдүн түндүгүндөгү селдин кесепеттери. Дрондон тартылган видео