Көлдөгү селден жабыркаган үйлөргө мамлекеттен компенсация төлөнөт

Компенсациянын өлчөмү атайын комиссиянын чечимине жараша болору белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү селден жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн мамлекет тарабынан компенсация төлөнүп берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сел жүргөн айылдардын жашоочулары менен жолугушууда билдиргенин өкмөттөн маалымдашты.
Бүгүн Жапаров жабыркаган аймактардан кабар алып, келтирилген зыяндын көлөмү менен таанышкан.
Ал компенсациянын көлөмү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссиянын чечимине жараша болорун белгилеген.
Мындан тышкары, минкаб төрагасы зарылчылык жаралса онлайн форматында билим берүү уюштурулуп, жергиликтүү тургундар үчүн жер салыгын жылдыруу каралганын кошумчалады.
Жапаров тургундарды кыймылсыз мүлктү камсыздандырууга чакырган. Анын суммасы 600 сомдон ашпай турганы белгиленди.
"Табият кырсыгы болгон аймактар менен таанышып чыккандан кийин Акылбек Жапаров өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Анда мүмкүн болуучу кырсыктар боюнча эскертүү системаларын жакшыртууну, кырсыктан жапа чеккендерге жардам көрсөтүүнү тиешелүү органдарга тапшырды", – деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 18-августта Ысык-Көл облусунда катуу сел жүргөн. Ысык-Көл, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Нөшөрлөгөн жамгырдан улам келген сел 380 үйдү, 11 дүкөндү, беш пансионатты каптаган. Анын кесепеттерин жоюу үчүн 400дөн ашык адам иштеп жатат.
Ысык-Көлдүн түндүгүндөгү селдин кесепеттери. Дрондон тартылган видео