Радио

Маткерим уулу: Кыргызстан өзүн транзиттик өлкө катары таанытышы керек

UBS Transit компаниясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу Улуу Жибек Жолу жанданса Кыргызстандын экономикасына ири киреше келерин айтты.
Sputnik
Кызыл деңиздеги абал Улуу Жибек Жолун жандантууга ыңгайлуу кырдаал жаратты. Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланууга мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу Талантбек Маткерим уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, геосаясий абал дагы бул нерсеге шарт түзүүдө.

"Улуу Жибек Жолун жандандыруу тууралуу айтсак, учурдагы геосаясий абал баарыңыздарга белгилүү. Россия жана Беларусь аркылуу Европага кетип жаткан товарлардын жолу жабылды. Андан сырткары, Кытайдан Европага деңиз жолу аркылуу жүк ташылып турган. Бирок жыл башынан бери Кызыл деңизде каракчы топ пайда болуп, соода кербенинин жолуна бөгөт койду. Мындан улам ири фирмалар коопсуз жолго өтүшүп, Африка материгин айланып, жүктүн жетүү мөөнөтү узарып кетти. Мурда 25-30 күндө жеткен жүк, 70 күндө жетип, баалары эки жарым эсеге чейин кымбаттады. Бул соодагерлерге ыңгайсыздык жаратты. Мындай жагдайда биз эмне кылышыбыз керек? Коңшубуз Кытай ири экономикалык өлкө. Өндүрүлгөн товарлардын көпчүлүгү Кытайда даярдалат. Ошондой эле дээрлик бүт дүйнө Кытай менен соода-сатык алакада. Биз ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, Кыргызстан өзүн транзиттик өлкө катары таанытышы керек. Коңшу Казакстандын бул багытта жасап жаткан иштерин, мүмкүнчүлүктөрүн алсак, бизде алда канча көбүрөөк шарт бар. Мына ушул мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу керек. Учурда ушул багытта иш жүргүзүп, Кытайдын бир нече шаарында өндүрүлгөн товарларды Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, Европага ташуу иштерин баштадык", — деди Маткерим уулу.

Ошондой эле ал учурда Кытайдан Кыргызстан аркылуу Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, Европага жүк ташылып жатканын, бирок аз көлөмдө экенин кошумчалады.