Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Францияда кармалды

Франциянын соту Telegram мессенжеринин өлкө бийлиги менен иштешүүдөн баш тартуусу Дуровду бир катар кылмыштарга катыштырып жатат деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуровдун Парижде кармалганын РИА Новости Франциянын ЖМКларына таянып жазды.
Билдирмеге ылайык, кечээ, ишемби күнү кечинде, Дуров Париждеги Ле-Бурже аэропортуна Азербайжандан барган. Ал жеке учактан чыгып баратканда кармалып, камакка алынган. Франциянын маалымат каражаттары Дуровдо Франциянын жарандыгы бар экенин, ал издөөдө жүргөндөрдүн тизмесинде болгонун жазышууда.
Ишкердин кармалышы тууралуу төмөнкү маалыматтар белгилүү:
Франциянын соту Telegram мессенжеринин өлкө бийлиги менен иштешүүдөн баш тартуусу Дуровду бир катар кылмыштарга катыштырып жатат деп эсептейт;
ЖМКлар ишкерге террорчулук, баңгизат сатуу, алдамчылык жана мыйзамсыз каражатты адалдоо боюнча айып тагылышы мүмкүн экенин жазышууда;
Павел Дуров (анда Франциянын жарандыгы бар) аталган өлкөдө 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылууда;
Россиянын Франциядагы элчилиги ишкердин кармалышы боюнча иш жүргүзүүдө. РФ ТИМи ишкердин өкүлдөрү элчиликке кайрылышпаганын маалымдады.
Жулиан Ассанж британ түрмөсүнөн бошотулду