Кыргызстандык балбандар дүйнө чемпионатында (U-17) алтын тагынышты

Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар 17 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медалдарга ээ болушту.
Рустамжан Кахаров (65 килограммга чейинки салмакта) финалга чыгуу жолунда Иран, Австралия, Грузия жана Казакстандан келген атаандаштарын жеңип алды. Финалдык беттеште россиялык балбан Рамазан Абдулкадыровду утту.
Курсантбек Исаков (55 кг чейин) Япония, Казакстан жана АКШнын спортчуларын жеңди. Финалда ал Кубадан келген атаандашы Йозеф Иван Бахманды жер каратты.
Үчүнчү балбаныбыз Өмүрбек Асан уулу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн алкышына татыды. Жарым финалдык беттештен кийин ал жаракат алган атаандашын көтөрүп кеткен.
Дүйнө чемпиондугу Иорданияда өтүп жатат.
Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионат өтөт