Радио

Жакыпов: айылдагы тың чыкмалар ошол жердин келечек муунуна да жоопкерчиликтүү

Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окуу иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кубатбек Жакыпов коомдун билимдүү болушуна жергиликтүү аткаминер же ишкерлердин да жоопкерчилигин күчөтүү зарыл деп эсептейт.
Sputnik
Эгер сен материалдык жактан бай болсоң же колуңдан иш келген аткаминер болсоң, өз чарбаңды тыңдагандан сырткары, өзүң жашаган чөлкөмдүн келечек муундарынын билимдүү болушуна да камылга көрүшүң керек. Мындай ишарат кыргыз жашоосунда тажрыйбаланып келген. Бул тууралуу Кубатбек Жакыпов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коомдун жакшырышына бир гана өнөр адамдары эмес, жалпы журт салым кошо алат.

"Садыр акенин мисалында айткым келет. Ал өз балдарынан сырткары айылынын зирек жаштарын чогултуп, билим алууга алыс жактарга жиберген. Биздин айылдан чыккан алгачкы кыргыз саламаттык сактоо министри агабыз да ушундай инсан болгон. Ал окууга жиберип, билим алдырган жаштар да артындагыларды сүйрөгөн. Учурда айыл калкынын саны менен алып караганда жогорку билимдүүсү эң көп кыштак биздики. Мындай көрүнүштөр кыргызда кечээ эле бар болчу. Өзү билимге жетип же кандайдыр бир ийгилик багындарган инсандар кичи мекениндеги коомду агартууну, андагы жаш муунду билимге сугарууну өзүнүн милдети катары саначу. Бул абдан туура түшүнүк. Табияттын мыйзамы да ушундай эмеспи. Биз ушул аң-сезимге кайтып келишибиз керек. Ал үчүн эстетикалык билим берүүнү күчөтүп, адамдардын жан дүйнөсүн ача билишибиз зарыл", — деди Жакыпов.

Ал тарыхта улуу империялардын түзүлүшүнө салым кошкон династиялар да ушундай жол менен куралганын кошумчалады.