"Хезболла" Бейрутка жасалган чабуул үчүн жооп кайтаруу башталганын жарыялады

Ливандын кыймылы чабуулунун биринчи этабы аяктагандыгын жана Израилдин 11 согуштук объектиси талкалангандыгын жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. "Хезболла" Израилдин Бейруттун чет жакасына жасаган соккусуна жана командир Фуад Шукрдун өлтүрүлүшүнө жооп кайтаруу аракеттери башталганын жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости кыймылга таянуу менен билдирди.

"Бүгүн Бейруттун түштүк чет жагында колбашчы Фуад Шукр жана биздин бир нече урматтуу жарандарыбыздын өлүмүнө алып келген агрессияга каршы алгачкы жооптун алкагында исламдык каршылык көрсөтүүчү согушкерлер пилотсуз учактарды колдонуу менен ири аба чабуулун баштады", деп айтылат маалыматта.

Кол салуунун бутасы аскердик объект экени, кыймыл 320дан ашык ракета атылганын билдирди.
"Хезболла" жооп чабуулунун биринчи этабы аяктаганын жана Израилдин 11 аскердик объектисин талкалаганын жарыялады. Алардын арасында Израиль армиясынын Майрун, Заатун жана Сахел базалары жана оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүндөгү эки база, ошондой эле үч казарма жана бир катар күчтүү пунктулар бар.
Буга чейин Израилдин Коргоо күчтөрү (ЦАХАЛ) "Хезболланы" Израилге масштабдуу чабуул даярдап жатат деп айыптап, кыймылдын позицияларына жооп кылып сокку урганын жарыялаган. Өлкө бийлиги 48 саатка өзгөчө кырдаал жарыялады.
Кийинчерээк Times of Israel гезити жазгандай, Тель-Авив эл аралык аэропортунан каттамдар токтотулуп, келген учактар башка аэропортторго багытталууда. Өлкөнүн түндүгүндө абадан чабуул коркунучу жарыяланды.
Июль айынын аягында Бейрутта Хезболланын жогорку даражалуу командири Фуад Шукр жана ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания Тегеранда өлтүрүлгөндөн кийин Жакынкы Чыгыштагы кырдаал кескин начарлап кеткен.
Иран жана "Хезболланын" жетекчилиги Израилге жооп катары катуу сокку урууга убада кылышкан. Ал эми Израиль окуялардын ар кандай өнүгүшүнө — коргонуу үчүн да, чабуул коюу үчүн да даяр экендигин билдирген.
New York Times: Израиль ХАМАС менен чатактын туу чокусуна жетти