Израиль армиясы "Хезболланын" миңдеген снаряддары жок кылынганын билдирди

Израиль армиясы снаряддардын көбү өлкөнүн түндүгүнө багытталганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Израиль армиясынын (ЦАХАЛ) учактары Ливандын "Хезболла" кыймылынын миңден ашык снарядын жок кылганын РИА Новости билдирди.
Бул тууралуу маалыматты армиянын расмий өкүлү Даниел Хагари X социалдык тармагына жазган.

"Израилдин Аба күчтөрүнүн жүзгө жакын учактары "Хезболланын" миңдеген снаряддарын жок кылды, алардын көбү өлкөнүн түндүгүнө, калгандары борбордук аймактарга багытталган", — деди Хагари.

Жекшемби күнү эртең менен "Хезболла" Израилдин Бейруттун түштүк чет жакасына кол салуусунда улук командир Фуад Шукр өлтүрүлгөнүнө жооп иретинде чабуул жасаганын билдирген. Биринчи этаптын алкагында Израиль армиясынын 11 объектисине, анын ичинде бир нече штаб менен казармага сокку урулган.
"Хезболла" Бейрутка жасалган чабуул үчүн жооп кайтаруу башталганын жарыялады