БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы банктар биринчи жарым жылдыкта кандай киреше алганы боюнча маалымат берди.
Статком билдиргендей, өлкөдө 25 банк бар. Анын ичинде азыркы тапта 21и иштейт. Алардын баары январь-июнда 15,6 миллиард сом киреше алган.
Жабылуу алдында турган жана лицензиясы жокко чыгарылган төрт банктын экөө биринчи жарым жылдыкты киреше менен аяктаса, бири чыгаша менен жыйынтыктап, дагы бири эч кандай көрсөткүчкө жетпегени айтылды.