26-августка карата аба ырайы

26-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өрөөндөрдө күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Талас аймагында +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл өрөөнүндө +23...+28, Нарын жергесинде +24...+29 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +29...+31, Ош шаарында +31...+33, Чолпон-Атада +25...+27 градуска чейин көтөрүлөт.
Күндүн илеби кайтып баратат. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу