Кыргыз классикалык музыкасынын жоготуусу.

Sputnik
Белгилүү композитор, комузчу Сейдалы Медетов кыргыз музыкасынын негизги үлгүлөрүн сактаган жана өнүктүргөн кайталангыс талант эле. Ал жазган "Майрамдык увертюра", эл аспаптар оркестрине "Пахтачы кыздын бийи" аттуу чыгармалары, "Бактылуу Кыргызстан", "Токтогулдун арманы", "Кең Ала-Тоо" хорлорун, "Какшаалдан кат", "Чабандын ыры", "Бешик ыры", "Фестиваль ыры", "Таарыныч" деген ырлары кыргыз музыкасынын классикасынын негизи болуп саналат.
Сейдалы аганын кыргыз калкына калтырып кеткен патриоттук сезимдеги обондорунун тунуктугу, ыргактарынын кайталангыстыгы, мукамдуулугу ар бир угуучунун жүрөгүнөн орун табат