Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Сүйүнчү! Дүйнө чемпионатынан кыргызстандык эки балбан алтын утту"Хезболла" Бейрутка жасалган чабуул үчүн жооп кайтаруу башталганын жарыяладыАкылбек Жапаров Ысык-Көлгө барып сел жүргөн айылдарды көрүүдө алдыда кененирээкМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көлдөгү сел жүргөн айылдарга барды. Ал жабыркаган үйлөрдү көрүп, жергиликтүүлөр менен жолугушканын өкмөттөн маалымдашты.Министрлер кабинетинин башчысына беш үй жараксыз абалга келгени тууралуу маалымат берилди. Жапаров табият кырсыгынан жабыркаган бир да адам мамлекеттин көз жаздымында калбай турганын билдирген. Эске салсак, 18-августта Ысык-Көл облусунда катуу сел жүргөн. Ысык-Көл, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Нөшөрлөгөн жамгырдан улам келген сел 380 үйдү, 11 дүкөн, беш пансионатты каптаган. Анын кесепеттерин жоюу үчүн 400дөн ашык адам иштеп жатат.
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр (U-17) курама командасынын мүчөлөрү Курсантбек Исаков менен Рустамжан Кахаров Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын алтын медалына ээ болушту. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Курсанбек Исаков алтын медаль үчүн беттеште кубалык балбан Иосиф Иван Бахманнды 4:2 эсебинде жеңип, өз салмагында дүйнө чемпиону болду. Балбан финалга чейин алгач Япония, андан кийин Казакстан жана Американын балбанын жеңген. Ал эми Рустамжан Кахаров чечүүчү беттеште россиялык балбан Рамзан Абдулкадыровду 7:6 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды. Спортчу буга чейин Иран, Австралия, Грузия жана Казакстандын балбандарын ишенимдүү түрдө жеңип, финалга чыккан болчу.
"Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүк майрамына даярдык кызуу жүрүүдө. Башкы аянттагы ири реконструкция иштери 27-апрелде башталган. Имараттардын тышы "акталып", айнектери жаңыртылып, жерге төшөлгөн брусчаткаларынан бери алмаштырылууда. Флагшток да жаңы болуп, кечинде жанып турган фонтан коюлары айтылган. Мэрия оңдоо иштери 31-августка чейин бүтөрүн убадалаган. Бул үчүн болгон аракет көрүлүп жатканын кошумчалашты. Видеосун Sputnik Кыргызстан - негизги жаңылыктар телеграм каналынан көрө аласыздар.
"Хезболла" Израилдин Бейруттун чет жакасына жасаган соккусуна жана командир Фуад Шукрдын өлтүрүлүшүнө жооп кайтаруу аракеттери башталганын жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости кыймылга таянуу менен билдирди. "Бүгүн Бейруттун түштүк чет жакасында колбашчы Фуад Шукр жана биздин бир нече урматтуу жарандарыбыздын өлүмүнө алып келген агрессияга каршы алгачкы жооптун алкагында исламдык каршылык көрсөтүүчү согушкерлер пилотсуз учактарды колдонуу менен ири аба чабуулун баштады", - деп айтылат маалыматта. Кол салуунун бутасы аскердик объект экени, кыймыл 320дан ашык ракета атылганын билдирди.Июль айынын аягында Бейрутта Хезболланын жогорку даражалуу командири Фуад Шукр жана ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания Тегеранда өлтүрүлгөндөн кийин Жакынкы Чыгыштагы кырдаал кескин начарлап кеткен. Иран жана "Хезболланын" жетекчилиги Израилге жооп катары катуу сокку урууга убада кылышкан. Ал эми Израиль окуялардын ар кандай өнүгүшүнө — коргонуу үчүн да, чабуул коюу үчүн да даяр экендигин билдирген.