БИШКЕК, 25авг. — Sputnik. Кыргызстан боюнча мектептерге 1 335 мугалим керек. Тагыраагы, миңден ашык орун бош экенин Билим берүү министрлигинен кабарлашты.
Кайсы аймакта канча мугалимдин орду бош:
Бишкек шаары – 493;
Чүй облусу – 292;
Баткен облусу – 137;
Жалал-Абад облусу – 110;
Ысык-Көл облусу – 115;
Ош облусу – 58;
Талас облусу – 71;
Ош шаары – 42;
Нарын облусу – 17.
Министрлик суроо-талап окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерге, ошондой эле математика, информатика, физика, орус жана англис тилдери боюнча мугалимдерге жогору экенин белгиледи.
Каалоочулар бош орундар тууралуу маалыматты билим берүү бөлүмдөрүнөн жана мектептерден биле алышат. Эгер жумушка киргизем деген коррупциялык иш-аракеттер болсо, ведомство +996(312) 62-05-19 телефон номерине чалууну өтүндү.