Быйыл майыптыгы барларга кам көргөн жеке ассистенттерге 93 млн. сомго көп төлөндү

Июлдан тарта жеке ассистенттердин акысы да жогорулаган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Майыптыгы барларга кам көргөн жеке ассистенттерге ушул жылдын жети айында 763 миллион 162,1 миң сом төлөнгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 93 миллион сомго көп.
"1-августка карата республика боюнча 14 513 жеке ассистент иштейт (өткөн жылы 13 468 болгон). 2024-жылдын 1-июлунан тартып жеке ассистенттердин эмгек акысы көбөйтүлүп, айына 6 268 сомдун ордуна 7681 сом төлөнө баштаган", — деп жазылат маалыматта.
Министрлик ушул жылдын февраль айынан тарта жеке ассистенттер патент алуудан бошотулганын белгиледи. Бирок камсыздандыруу полистерин алышы керек.
Майыптарга кам көргөн жеке ассистенттерге төлөнчү акы жогорулады