Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина улуттук апаатка кабылганы айтылды

Апрелде украиналык журналисттер Социалдык саясат министрлигинин материалын талдап, өлкөдө төрөлүү деңгээли акыркы 300 жылдын ичиндеги эң төмөнкү чекке жеткенин айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Миграция жана аялдардын төрөө мүмкүнчүлүгүнүн азайышынан улам 75 жыл аралыгында Украина калкынын саны 10 миллионго чейин кыскарышы мүмкүн. Бул — чоң катастрофа. Мындай пикирин украиналык экономист Алексей Кущ айтканын РИА Новости жазды.
"Үч муун жашай турган 75 жыл ичинде Украина эли 10 миллионго азайышы ыктымал. Буга биринчи кезекте миграция жана аялдардын төрөө мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшү себеп болот", — деген эксперт.
Экономист 2023-жылы Украинада 187 миң бөбөк төрөлгөнүн, андан бир жыл мурун 230 миң наристе жарыкка келгенин эске салды. Анын айтымында, бул нерсе баланын төрөлүшү 30 пайызга азайды дегенди түшүндүрөт.
Кущ апааттын масштабы мындан да кеңири болушу мүмкүн экенин боолголоду. Эксперттин божомолунда, жаңы төрөлгөн 187 миң баланын тизмесине чет жакта, биринчи кезекте Евробиримдикте жарык дүйнөгө келген бөбөктөр да кошулушу ыктымал.
"Согуш — бул улуттук трагедия. Ал эми демографиялык кризис — улуттук апаат. Ушул жөнөкөй реалдуулукту аңдап биле элек адамдарды такыр түшүнө албай койдум", — деген эксперт.
Буга чейин расмий маалыматтарды агрегациялаган улуттук "Опендатабот" аналитикалык ресурсу Украинада адам өлүмү жаңы төрөлгөн ымыркайларга караганда үч эсе көп экенин билдирген.
Апрелде украиналык журналисттер Социалдык саясат министрлигинин материалын талдап, өлкөдө төрөлүү деңгээли акыркы 300 жылдын ичиндеги эң төмөнкү чекке жеткенин айтышкан. Ал эми экс-премьер Николай Азаров январда 2014-жылга салыштырмалуу Украина калкынын саны 2,5 эсеге азайганын билдирген болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленскийдин украиндердин көбөйүшүнө "салымы". АКШлык эксперттин айткандары