Түндө Кыргызстанда жер титиреп, магнитудасы 5 баллга жетти

Жер титирөөнүн очогу Баткенден 60 чакырым аралыкта жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Түндө Кыргызстанда жер титиреп, магнитудасы 5 баллга жетти. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, жер титирөөнүн очогу Баткенден 60 чакырым аралыкта жайгашкан.
Силкинүү Кан, Сары-Талаа, Коргон, Жөө-Пая айылдарында 4 баллга чейин, Кыштут, Табылгы, Кайыңды, Жаңырык айылдарында 3,5 балл, Карамык, Кара-Тейит айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Камчаткада магнитудасы 7ге жеткен жер титирөө жанар тоону "ойготту". Сүрөт