Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия Украина Курскиде туткундаган 115 аскерин бошотту

Элдин коопсуздугун камсыздоо максатында Курск, Белгород жана Брянск облустарында контртеррордук операция режими иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Россия Украина Курск облусуна болгон чабуулу учурунда туткундаган 115 аскерин бошотту. Бул тууралуу РФ Коргоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматта Россия киев режимине Украина Куралдуу күчтөрүнүн туткундалган 115 аскер кызматкерин өткөрүп бергени айтылат.
"Бошотулган россиялык жоокерлер Беларуста, аларга тиешелүү психиологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүп, жакындары менен байланышуусуна шарттар түзүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.
Туткундарды бошотууда Бириккен Араб Эмирликтери ортомчулук кылган.
Эскерте кетсек, 6-август күнү таңда Украина Куралдуу күчтөрү Курск облусун басып алуу ниети менен чабуул жасап, россиялык аскерлер тарабынан токтотулган. Коргоо министрлигинин 23-августка берген маалыматы боюнча, бул аралыкта каршылашкан тарап 5,1 миң аскеринен жана 69 танкасынан ажыраган.
Ушу тапта элдин коопсуздугун камсыздоо максатында Курск, Белгород жана Брянск облустарында контртеррордук операция режими иштеп жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Украинада дезертирликтин 37 миң фактысы катталган