Кайдагы тамак? Министр мугалимдерге азыгын жанына ала жүрүүнү сунуштады

Педагогдордун бири мектептерде башталгыч класстарга гана ысык тамак берилерин айтып, буфет ачууну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдерге ланч-бокс системасындай тамакты жанына ала жүрүүнү сунуштады.
Ысык-Көлдө өткөн август конференциясында педагогдордун бири мектептерде башталгыч класстарга гана ысык тамак берилерин айтып, буфет ачууну сунуштаган. Ал мугалимдер жумушка берилип иштеши үчүн шарттын баары түзүлүшү керектигин белгилеген.
"Кайдагы тамак? Биринчиден, сиз саат алып, ийкемдүү график менен иштейсиз. Ортодо бош убакыт болот. Экинчиден, ланч-бокс деген система бар. Жаныңызга эки нан, алма салып, термос көтөрүп алсаңыз болот. Мен шаардык мугалимдерге боорум ооруйт. Аларга айылдыктардыкындай кошумча акы төлөнбөйт. Эртеден кечке иштейт, эки маал тамакты көчөдөн ичет. Жумушка 3-4 автобус, маршрутканы алмаштырып келет. Классында 45-50дөн окуучу окуйт. Айлык акылары силердикиндей эле", — деген Кендирбаева.
Кыргызстандык мугалимдер россиялык кесиптештеринин тажрыйбасын үйрөнөт