Мамдумада соттуулугу бар мигранттарды өлкөдөн чыгаруу маселеси каралат

Мындай адамдар кайра Россияга кире албай калышы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кийинки жумада Мамлекеттик Думага соттуулугу бар мигранттарды өлкөдөн чыгаруу демилгеси каралат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш жана мыйзам чыгаруу комитетинин төрагасынын орун басары Сардана Авксентьева билдиргенин РИА Новости жазды.
"Соттуулугу бар бардык мигранттар, анын ичинде соттуулугу жоюлган жана жазасын өтөп бүткөндөр кайра өлкөгө кире албагыдай жана келип убактылуу жашай албагыдай болуп чыгарылышы керек деп эсептейм. Демилгени кийинки жумада алып чыгабыз", — деген Авксентьева Telegram каналында.
Анын айтымында, азыр чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар атайылап жасалган кылмышы үчүн соттуулугу алына элек болсо өлкөгө кирүүгө тыюу салынган. Бирок мөөнөтү бүткөндөн кийин Россияга бара алышат.
Депутат миграция саясатында тартип орнотпой туруп ислам радикализминин көрүнүштөрү менен күрөшүү мүмкүн эместигин белгилеген.
Екатеринбургда кыргызстандыктарды каттоодон өткөрүү эмнеге кечиккен. ТИМ үн катты