Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов 60 жашта. Жапаровдун куттуктоосу

Шарипов космоско эки жолу учуп, Кыргызстан менен Россиянын Баатыры болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстандын алгачкы космонавты Салижан Шариповду 60 жаш мааракеси менен куттуктады.
Куттуктоодо мындан дээрлик 90 жыл мурун кыргыз жазуучусу Кусейин Эсенкожоев космоско учууну кыялданып, "Үчүнчү шар" аттуу керемет чыгарма жаратканы айтылат.
"Ошол кыялды 60 жыл өткөндөн кийин сиз иш жүзүнө ашырдыңыз. "Туулган жердин топурагы алтын" деп Кыргызстандын кызыл туусу менен Ата Мекендин бир ууч топурагын алып космоско учуп, жалпы мамлекетибизге эбегейсиз сый-урмат алып келдиңиз. Кыргыз Республикасынын туңгуч космонавты — кыргыз жараны, Кыргызстандын кулуну Салижан Шарипов менен Кыргызстандын даңкы далайга кетти", — деп айтылат куттуктоодо.
Жапаров Совет мезгилинде өлкө космостук аппараттардын эң керектүү тетиктерин жана приборлорун жасоо менен космостук программанын бараандуу өкүлү болуп сыймыктанганын белгилеген.
Шарипов космоско эки жолу учуп, Кыргызстан менен Россиянын Баатыры болгон.
"Эгемендик жылдарында Орто Азия боюнча космоско учкан мекендешибиз катары сиз менен ар дайым сыймыктанып келебиз. Космосту багындыргандагы эмгегиңиз бааланып, мамлекеттин эң жогорку сыйлыгы — Кыргыз Республикасынын Баатыры наамына арзыдыңыз. 2004-жылы Сиз космоско дагы бир жолу көтөрүлүп, Россия Федерациясынын Баатыры наамына ээ болдуңуз", — деген Жапаров.
Өлкө башчы ага бекем ден соолук, узак өмүр, албан-албан ийгиликтерди каалаган.
Кыргызстанда туулуп-өскөн космонавттар Улуттук музейге барышты. Видео