Кесиптик лицейлерде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген студенттердин саны өсүүдө

Беш жылдын ичинде кесиптик-техникалык окуу жайларында чет өлкөлөрдөн келген студенттердин саны эки эсе көбөйгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 24 авг — Sputnik. Кыргызстандын кесиптик-техникалык лицейлеринде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген студенттердин саны өсүүдө. Мындай жыйынтыкты Улуттук статистика комитетинин маалыматынан улам чыгарууга болот.
Алсак, 2019-2020-окуу жылында өлкөдөгү орто кесиптик билим берүү уюмдарына 734 чет өлкөлүк жаран кабыл алынган, анын 204ү Казакстандан болсо, 287си россиялыктар.
Студенттердин саны тынымсыз жогорулоодо. Маселен, 2023-2024-окуу жылында 1 463 чет элдик жаран тапшырса, анын 529у Казакстандан, 741и Россиядан келген.
Армениядан Кыргызстандын кесиптик лицейлерине тапшыргандар жок болсо, Беларустан бир-экөө келген (жылына жараша).
Беш жылдын ичинде кесиптик-техникалык окуу жайларында чет өлкөлөрдөн келген студенттердин саны эки эсе көбөйгөн. Казакстандыктар менен россиялыктардын саны 2,6 эсеге өскөнүн көрүүгө болот.
Билим берүү министрлиги мектептердин каникул күндөрүн жана окуу жылын аныктады