Радио

Үмөталиева: ата-эне баланы мектепке каттоону акыркы күнгө калтырбаганы жакшы

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Үмөталиева окуучуну 1-класска киргизүүдө ата-энелерди жоопкерчиликтүү болууга чакырды.
Sputnik
Үч жылдан бери балдарды мектепке кабыл алууда электрондук каттоо системасы иштеп келет. Бирок айрым ата-энелер акыркы күнгө чейин созуп жүрө берип, жыйынтыгында соңку сааттарда техникалык көйгөйлөр жаралат. Ата-энелердин мындай мамилеси балага да, мектепке да, өздөрүнө да көйгөй жаратууда. Мындай пикирин Гүлмира Үмөталиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл балдарды 1-класска каттоочу электрондук система 30-августка чейин иштейт.
"Азыр айыл жеринде да баланы 1-класска киргизүү үчүн электрондук катоодон өтүү керек. Бирок бул маселеде элет тургундары эмес, шаар жашоочулары көп көйгөй жаратууда. Ата-энелер соңку күнгө чейин созуп жүрө берип, жыйынтыгында акыркы сааттарда техника көтөрө албай, балдар каттоодон өтпөй калган учурлар бар. Анан маселени чечүү үчүн мектеп директоруна, райондук билим берүү бөлүмүнө кайрылбай эле түз министрликке чуркашат. 1-класска барар баласы болгон соң эртерээк камылга көрсө өздөрүнө да, бизге да жеңил болмок. Ошондой эле өзгөчө борбор калаада айрым бир мектептерге басым коюп, ошол жактардан балдарынын билим алышын каалагандар көп. Бирок үйүнүн жанындагы эле мектеп бош турган учурлар бар. Башталгыч класста баарынын окуу программасы бирдей экенин эске алуу менен баланы да алыска ташып кыйнабай, географиялык жактан туура келген мектептен эле окута берген оң", — деди Үмөталиева.
Ал электрондук каттоодон өтүүнүн инструкциясын кадам-кадамы менен көрсөткөн видеолор министрликтин расмий сайтында жайгаштырылганын кошумчалады.