Индиянын ири авиакомпаниясы Дели — Бишкек — Дели каттамын аткарууга даяр

Каттамдарды IndiGo аттуу Индиядагы эң ири авиакомпания аткарат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Индиянын ири компаниясы Дели — Бишкек — Дели багыты боюнча авиакаттамдарды жүргүзүп баштоого даярдыгын билдирди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов IndiGo компаниясынын вице-президенти Ражан Малхотра менен жолугушкан.
"Анын жүрүшүндө Малхотра IndiGo компаниясынын Дели —Бишкек — Дели багыты боюнча авиакаттамдарды баштоого даярдыгын билдирди. Компания Индия өкмөтү тарабынан расмий ташуучу болуп дайындалып, жума бою авиакаттамдарды аткарууга уруксат алган", — деп жазылган маалыматта.
Ал эми Бешимов бул аракетти ишке ашыруу үчүн колдон келген жардамды берүүгө даяр экенин билдирген.
Ошондой эле АКШ, Улуу Британия жана Шенген аймагы сыяктуу өлкөлөрдүн көп жылдык визасы бар Индиянын жарандары үчүн 21 күндөн кийин кайра кирүү укугу жана 7 күнгө чейин визасыз режим киргизилгендигин белгилеген.
Тараптар туризм чөйрөсүндө кызматташууну дагы талкуулашкан.
ТИМдин маалыматында, IndiGo — жүргүнчүлөрдүн саны жана авиапаркынын көлөмү боюнча Индиядагы эң ири авиакомпания болуп саналат. 2024-жылдын май айына карата ички рыноктук үлүшү 61,6 пайызды түзгөн.
"Манас" аэропорту Кыргызстан ичиндеги каттамдардын билет баасын айтты