Британия менен Франция СССРге каршы согуш баштамак. Архив ачыкталды

Учурда бул өлкөлөр НАТОнун алкагында киев режимин куралдандырып, колдоо көрсөтүп, Россияны "стратегиялык жеңилүүгө дуушар кылууга" аракет көрүп келишет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Лондон менен Париж 1940-жылдын башында СССРге каршы согуш баштоону чечкен. Финляндия менен Кавказдан сокку уруп Ленинградды басып алып, нефть өндүрүшүн талкалап, "улуттук орус өкмөтүн" түзүүнү пландаган. Россиялык мамлекеттик аскер архивинде сакталган советтик чалгын кызматынын бул маалыматтарын Президенттик китепкана жарыялаганын РИА Новости кабарлады.
Китепкана СССРдин ички иштеринин элдик комиссары Лаврентий Бериянын коргоо комиссары Климент Ворошиловго 1940-жылдын 13-январында Париждеги советтик чалгындын маалыматына негизделип жазылган катын ачыкка чыгарды. Ал кезде СССРдин тышкы чалгынынын резиденти, атактуу чалгынчы Лев Васильевский эле.
Англия, Франция жана Батыштын башка мамлекеттери дал азыркы мезгилдегидей кадамдарга барышкан. Учурда бул өлкөлөр НАТОнун алкагында киев режимин куралдандырып, колдоо көрсөтүп, Россияны "стратегиялык жеңилүүгө дуушар кылууга" аракет көрүп келишет.
Бүгүн Түндүк атлантикалык альянстын НАТО уюмун түзүү боюнча келишимине 75 жыл толду. 1949-жылы документке 12 өлкө кол койгон. Азыр уюмдун курамында 32 мамлекет бар.
Кансыз согушка чекит коюуга кадам таштап... 51 жыл мурдагы видео