Баткендеги 92 млн. сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Социалдык объект кезинде мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. УКМК Баткендеги 92 миллион сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, 1,85 гектар жерди ээлеген Кадамжайдагы "Стадион" социалдык объектиси мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен.
УКМК мамлекеттик жерлерди, имараттарды жана курулмаларды жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирүүнүн ушул сыяктуу фактыларын аныктоого багытталган иштерди улантып жатканын белгиледи.
Өзгөн: мыйзамсыз менчиктештирилген автобекетти мэрияга кайра өткөрүштү