Абитуриенттер кайсы окуу жайга көп тапшырды? Рейтинг

Окуу жайга тапшыруу үчүн 5 тур уюштурулган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстандын жогорку окуу жайлары беш турдун жыйынтыгы менен 29 551 абитуриентти кабыл алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Талондорду каттоо боюнча алдыга чыккан окуу жайлар:
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 8 240;
Исхак Раззаков атындагы КМТУ – 7 457;
ОшМУ – 6 369;
Кыргыз-Россия Славян университети – 5 414;
Ишеналы Арабаев атындагы КМУ – 4 644;
Иса Ахунбаев атындагы КММА – 4 420;
Кусейин Карасаев атындагы БМУ – 3 953;
"Ала-Тоо" эл аралык университети - 2 804.
Булардын ичинен бүтүрүүчүлөрдү кабыл алганы боюнча тастыктама бергендер:
Жусуп Баласагын атындагы КУУ – 4 930 абитуриент;
ОшМУ – 4 009;
Исхак Раззаков атындагы КМТУ – 3 749;
Ишеналы Арабаев атындагы КМУ – 2 349;
Кусейин Карасаев атындагы БМУ – 2 022;
Борис Ельцин атындагы КРСУ – 2 108;
Иса Ахунбаев атындагы КММА – 1 064;
"Ала-Тоо" эл аралык университети - 1 004.
Кыргызстан менен Россиянын окуу жайлары кандай документтерге кол коюшту. Тизме