25-августка карата аба ырайы

25-августка караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. 25-август, жекшембиде, тоолуу жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +22...+37, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл жергесинде +22…+27, Нарын өрөөнүндө +6...+11 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +31…+33, Чолпон-Атада +27…+29 градуска көтөрүлөт.
Түндө Кыргызстанда жер титиреп, магнитудасы 5 баллга жетти