Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Аскер институтунун курсанттары үчүн курулган жаңы казармага барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Акылбек Жапаров казарма менен таанышып өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерди натыйжалуу аткарууга жөндөмдүү квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн заманбап шарттардын маанилүү экенин белгиледи. “Казарма - жөн эле имарат эмес. Бул жерде патриоттук дем, тартип жана кесипкөйлүк калыптанат. Биз курсанттарыбыздын билим алуусу жана кызмат өтөшү үчүн бардык шарттарды түзүп беришибиз керек”, - деди Акылбек Жапаров. Коргоо министри Бактыбек Бекболотов кошумчалагандай, 416 орунга ылайыкталган жаңы казармада курсанттардын ыңгайлуу жашоосу жана окуусу үчүн бардык керектүү жабдуулар орнотулган. Анын курулушуна республикалык бюджеттен 261 миллион сом бөлүнгөн.
Быйыл жарылуу коркунучу бар 65 көлгө изилдөөлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу маалымат жыйында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг жана болжолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев билдирди. Ал Зындан көлү тууралуу айтып жатып, спутниктен алынган сүрөттөрдүн негизинде бардык чаралар көрүлүп, жергиликтүү бийликке эскертүүлөр берилгенин белгиледи. Ошондой эле Мониторинг жана болжолдоо департаменти бардык изилдөөлөрдү жүргүзүп, божомолдорду таратарын, бирок, кырсык кайсы убакта жана канчалык деңгээлде болоорун так айта албастыгын, бул үчүн кошумча жабдуулар жана аспаптар керектигин билдирди.
Эгемендик күнүн утурлай Бишкекте спорттук мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр сыйланды. Бул тууралуу калаа бийлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата уюштурулган. Иш-чаранын соңунда мелдештин катышуучулары сыйланып, жеңүүчүлөргө кубок, медаль жана дипломдор тапшырылды. Сыйлык тапшыруу аземине шаар мэри Айбек Жунушалиев баштаган бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.
Лондон менен Париж 1940-жылдын башында СССРге каршы согуш баштоону чечкен. Финляндия менен Кавказдан сокку уруп Ленинградды басып алып, нефть өндүрүшүн талкалап, "улуттук орус өкмөтүн" түзүүнү пландаган. Россиялык мамлекеттик аскер архивинде сакталган советтик чалгын кызматынын бул маалыматтарын Президенттик китепкана жарыялаганын РИА Новости кабарлады. Китепкана СССРдин ички иштеринин элдик комиссары Лаврентий Бериянын коргоо комиссары Климент Ворошиловго 1940-жылдын 13-январында Париждеги советтик чалгындын маалыматына негизделип жазылган катын ачыкка чыгарды. Ал кезде СССРдин тышкы чалгынынын резиденти, атактуу чалгынчы Лев Васильевский эле.
/// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 85 сом 34 тыйынга 1 евро 94 сом 92 тыйынга 1 рубль 93 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 68 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 73 сом 90 тыйындан тарта, 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 36 сом 20 тыйындан сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 25-августка караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Жекшембиде тоолуу жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +22...+37, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл жергесинде +22…+27,, Нарын өрөөнүндө +6...+11 градус жылуу болот. Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарында +31…+33, Чолпон-Атада +27…+29 градуска көтөрүлөт.