Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Индиянын ири компаниясы Дели — Бишкек — Дели багыты боюнча авиакаттамдарды жүргүзө баштоого даярдыгын билдирди Бул тууралуу элчи Аскар Бешимовдун “ИндиГоу” компаниясынын вице-президенти Ражан Малхотра менен жолугушуусунан кийин белгилүү болду. Компания Индия өкмөтү тарабынан расмий ташуучу болуп дайындалып, жума бою авиакаттамдарды аткарууга уруксат алган. Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, “ИндиГоу” компаниясы — жүргүнчүлөрдүн саны жана авиапаркынын көлөмү боюнча Индиядагы эң ири авиакомпания болуп саналат. 2024-жылдын май айына карата ички рыноктук үлүшү 61,6 пайызды түзгөн.
Евразиялык экономикалык биримдиктин ичинде жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга ташууга бөгөт коюлбашы керек. Мындай пикирин Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев билдирди. Ал Алматыда Казакстандын жана Кыргызстандын ишкерлери, ошондой эле мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууда сүйлөдү. "Бизнес биздин экономикалык интеграцияны андан ары өнүктүрүү үчүн ички рынокто жагымдуу шарттарды түзүүгө чечкиндүүлүгүбүздү көрүшү керек", — деген Арзыбек Кожошев. Ал ошондой эле Евразия экономикалык комиссия Россиядан Кыргызстанга Казакстан аркылуу жүктөрдү ташууда темир жол тарифинин жогорулашы боюнча Кыргызстандын кайрылуусун карап жатканын кошумчалады.
Бишкек шаарында күйүүчү май сакталган гараждардан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Профсоюз көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сакталган гараждардан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кабарлашынча ал жерге беш күжүрмөн эсеп, бир суу ташуучу унаа жана штаб тартылды. Буга чейин өрт автоунаадан чыкканы кабарланган. Тилсиз жоодон адамдар жабыр тартканы тууралуу азырынча маалымат жок.
Алтай Республикасында "Манжерок" эл аралык жаштар фестивалы өттү. Иш-чара 19-августта башталып, КМШ жана Евразиядагы 15 өлкөдөн дээрлик 100дөй адам келди. Бул ирет фестивалга ЖМК өкүлдөрү, блогерлер, жазуучулар, эксперттер жана активисттер катышты. Алар төрт күн бою тажрыйба алмашып, түрдүү идеяларды талкуулашты. Фестиваль Манжерок көлүнүн боюнда жайгашкан "Манжерок" курортунда уюштурулду. Фестивалдын негизги темасы "Евразия интеграциясы" деп аталып, программасы көп тармакты камтыды. Адегенде келген конокторго Евразия интеграциясын чагылдырган тасма тартууланды. Мындан тышкары, Алтайдын тарыхын баяндаган спектакль жаратылыш койнунда көрсөтүлдү. Программанын расмий бөлүгүндө эксперттер Евразия экономикалык биримдигинин потенциалы, келечеги, ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти. Фестивалда заманбап журналистиканын ишмердүүлүгү, кызыктуу контент түзүү, катталуучулардын санын көбөйтүү боюнча мастер-класстар уюштурулду. Форумдун соңку күнүндө катышуучулар Алтай Республикасынын кооз жерлерине саякат жасашты. 23-августта алыстан келген журналисттер, блогерлер, жазуучулар, эскперттер жаңы достору менен коштошуп, жагымдуу маанайда тарап кетишти. "Манжерок" фестивалы мындай заманбап форматта 2021-жылдан бери уюштурулуп келет.