Радио

Шамбеталиева: быйыл абитуриенттин көбү билим берүү багытын тандады

Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Хадича Шамбеталиева жогорку окуу жайларга быйыл электрондук кабыл алуу ийгиликтүү ишке ашканын айтты.
Sputnik
Быйыл жогорку окуу жайларына кабыл алуу электрондук система аркылуу жүрдү. Ал беш этаптан туруп, учурда төртөө жыйынтыкталды. Бул тууралуу Хадича Шамбеталиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, электрондук система аркылуу окууга тапшырган абитуриенттердин 45 пайызын айыл жеринин жашоочулары түзгөн.
"Быйыл жогорку окуу жайларга кабыл алууну да электрондук системага өткөрдүк. Жыйынтыгы жаман эмес, төрт этапты ийгиликтүү ишке ашырып, учурда бешинчисин жыйынтыктоо алдында турабыз. Ошону менен 2024-2025-окуу жылына карата жайкы кабыл алуу аяктайт. Электрондук кабыл алуунун жакшы жагы балдардын убактысы, каражаты үнөмдөлөт. Ал эми биз кайсы багытка канча абитуриент тапшырып жатканын көрүп, анализдеп тура алабыз. Электрондук системанын маалыматы боюнча, документ тапшыргандардын 45 пайызы айыл жергесинде жашагандар болду. Ал эми жогорку окуу жайларына өткөн абитуриенттердин 28 пайызы борбор калаадан, 18 пайызы кичи шаарлардан, 13 пайызы тоолуу аймактардан электрондук система аркылуу документ тапшырышкан. Булардын ичинен көбү (5 279) билим берүү адистиктерин тандашкан. Экинчи орунда маалыматтык технология багыты (3 925) турат, гуманитардык адистикти 3 318 киши тандап алды. Андан кийин экономика жана финансы (2 892), соңку орунда медициналык жогорку билим алууну каалаган абитуриенттер турат. 2 575 адам келечекте медик болууну каалаарын көрдүк", — деди Шамбеталиева.
Ал абитуриенттердин чет мамлекетке окууга чыгып кеткенине же башка себептер менен окубай калганына байланыштуу жогоруда көрсөткүч бир аз өзгөрүшү мүмкүндүгүн кошумчалады.