Улуттук банктын төрагасы сөгүш алып, эки орун басары кызматтан кетти

Акча-кредит саясаты чөйрөсүндөгү жетишсиз иштер валюта курсунун туруксуздугуна алып келип, экономикага терс таасирин тийгизген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг.— Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялап, эки орун басары Манас Жакыпов жана Кайып Куленбеков ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, акча-кредит саясаты чөйрөсүндөгү жетишсиз иштер валюта курсунун туруксуздугуна алып келип, экономикага терс таасирин тийгизүү менен бизнес, финансы рыноктору, калк жана инвесторлордун алдында ишенимди жоготуу коркунучун жараткан.
"Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов ишеним жоготкондугуна байланыштуу кызматынан бошотулса, жетекчилик курамды талаптагыдай координациялабагандыгы үчүн төрага Мелис Тургунбаев сөгүш алган. Дагы бир орун басары Кайып Куленбеков берген арызынан улам иштен кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Өлкө башчы мындай чечимди финансы рыногунун жакшы иштешин калыбына келтирүү жана натыйжалуу башкарууга кайтуу үчүн кабыл алганы кошумчаланды.
УБ тиркеме аркылуу акча которуулар үчүн комиссия алууга тыюу салууну сунуштады