"Манжерок" фестивалы 15 өлкөнүн журналист, блогер, активисттерин бириктирди

КМШ жана Евразия өлкөлөрүнөн келген жаштар тажрыйба алмашып, достошуп, түрдүү мастер-класстар менен талкууларга катышышты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Алтай Республикасында "Манжерок" эл аралык жаштар фестивалы өттү.
Иш-чара 19-августта башталып, КМШ жана Евразиядагы 15 өлкөдөн дээрлик 100дөй адам келди. Бул ирет фестивалга ЖМК өкүлдөрү, блогерлер, жазуучулар, эксперттер жана активисттер катышты. Алар төрт күн бою тажрыйба алмашып, түрдүү идеяларды талкуулашты.
Фестиваль Манжерок көлүнүн боюнда жайгашкан "Манжерок" курортунда уюштурулду.
Фестивалдын негизги темасы "Евразия интеграциясы" деп аталып, программасы көп тармакты камтыды. Адегенде келген конокторго Евразия интеграциясын чагылдырган тасма тартууланды. Мындан тышкары, Алтайдын тарыхын баяндаган спектакль жаратылыш койнунда көрсөтүлдү.
1 / 6

Алтай Республикасында "Манжерок" эл аралык жаштар фестивалы өттү

2 / 6

Иш-чара 19-августта башталып, КМШ жана Евразиядагы 15 өлкөдөн дээрлик 100дөй адам келди

3 / 6

Бул ирет фестивалга ЖМК өкүлдөрү, блогерлер, жазуучулар, эксперттер жана активисттер катышты

4 / 6

Алар төрт күн бою тажрыйба алмашып, түрдүү идеяларды талкуулашты

5 / 6

Фестиваль Манжерок көлүнүн боюнда жайгашкан "Манжерок" курортунда уюштурулду

6 / 6

Фестивалдын негизги темасы "Евразия интеграциясы" деп аталып, программасы көп тармакты камтыды

Программанын расмий бөлүгүндө эксперттер Евразия экономикалык биримдигинин потенциалы, келечеги, ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти.

"Евразия мейкиндигинде жүздөгөн улут жашайт. Бизди Батыштан эмне айырмалай турганын билесиздерби? Бизде эч качан башка улуттун иденттүүлүгүн, маданиятын жок кылууга аракет жасалган эмес", - деди Мамдуманын КМШ иштери, Евразия интеграциясы жана мекендештер менен байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Артем Туров.

Фестивалда заманбап журналистиканын ишмердүүлүгү, кызыктуу контент түзүү, катталуучулардын санын көбөйтүү боюнча мастер-класстар уюштурулду. Форумдун соңку күнүндө катышуучулар Алтай Республикасынын кооз жерлерине саякат жасашты. 23-августта алыстан келген журналисттер, блогерлер, жазуучулар, эскперттер жаңы достору менен коштошуп, жагымдуу маанайда тарап кетишти.
"Манжерок" фестивалы мындай заманбап форматта 2021-жылдан бери уюштурулуп келет.
Фестивалдын негизги уюштуруучусу – Евразия кызматташтык жана интеграция фонду.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн журналисттери Тоолуу Алтайга барышты. Видео