Путин Пашинян менен армян-азербайжан мамилесин жөнгө салууну талкуулады

Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян армян-азербайжан мамилесин жөнгө салууну талкуулашты. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.
"Владимир Путиндин Бакуга болгон сапарындагы Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен сүйлөшүүлөрүн эске алуу менен армян-азербайжан мамилесин калыбына келтирүү маселелерин талкуулоо уланды", — деп айтылат билдирүүдө.
Жолугушуунун жүрүшүндө Россия тарап Армения менен Азербайжанга тынчтык келишимин иштеп чыгууга, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессин ыкчамдатууга, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарга коюлган чектөөлөрдү алууга көмөктөшөрү кошумчаланды.
Тараптар, мындан тышкары, эки өлкөнүн соода-экономикалык алакасында өсүү бар экенин белгилешкен.
Азербайжан БРИКСке кошулууга расмий арыз берди