Ош шаарынан үй алам дегендерге мэриядан жакшы кабар айтылды

Шаар бийлиги өлкө жарандары жашаган жерине, каттоосуна, иштеген ишине карабастан үйлүү боло аларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Ош шаарында 7-10 жылдык мөөнөткө бөлүп төлөө менен өз баасында үй алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ош мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы ипотекалык жана үлүштүк курулуш шартында элди турак жай менен камсыз кылуу багытында 2024-2027-жылдарга "Жеткиликтүү турак жай" программасын ишке ашыруу концепциясын иштеп чыкканы белгиленди. Үлүштүк программа жарандарга жөнөкөйлөштүрүлгөн шартта өз баасында үй алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
1 / 2

Ош мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы ипотекалык жана үлүштүк курулуш шартында элди турак жай менен камсыз кылуу багытында 2024-2027-жылдарга "Жеткиликтүү турак жай" программасын ишке ашыруу концепциясын иштеп чыкканы белгиленди

2 / 2

Анын алкагында муниципалдык ипотекалык ишканасы менен "Айыл Банктын" ортосунда эки тараптуу макулдашууга кол коюлган

Анын алкагында муниципалдык ипотекалык ишкана менен "Айыл банктын" ортосунда эки тараптуу макулдашууга кол коюлган.
"Ага ылайык, өлкө жарандары жашаган жерине, каттоосуна, иштеген иши, ишмердүүлүгүнүн багытына карабастан 7-10 жылдык мөөнөттө бөлүп төлөө шарты менен өз баасында турак жайлуу боло алат", — деп жазылган маалыматта.
Кызыкдар тараптар муниципалдык ипотека ишканасына кайрылса болот: (03222) 7-01-27
Өлкөдө ипотекалык программа боюнча 11,3 миң батир курулууда