Бишкектин Лебединовка аймагында элди тез жардам менен тейлеген жай ачылды

Медиктер Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу конуштарды тейлемекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бишкектин Лебединовка аймагында күнү-түнү иштеген беш Тез жардам (мобилдүү) жана фельдшердик эки бригадага ылайыкталган №6 линиялык жаңы чакан станция ачылды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан мунун ичинде реанимациялык үч бригада бар экендигин кошумчалашты. Бул жай Чүй облустук кургак учукка каршы оорукананын мурдагы административдик имаратында пайда болгон.
Ал жердеги медиктер Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу конуштарды тейлемекчи.
"Тез жардам борборунун жаңы линиялык чыкма бекетчесинин ачылышы Бишкек шаарында жана анын айланасындагы аймактарда медициналык тез жардам көрсөтүү системасын чыңдоододогу маанилүү кадам болуп саналат", – деген анын ачылышына катышкан саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Бишкектеги жугуштуу илдеттер ооруканасы толук оңдолуп бүттү. Сүрөт