УБ тиркеме аркылуу акча которуулар үчүн комиссия алууга тыюу салууну сунуштады

Улуттук банк накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүнү көздөөдө.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Улуттук банктын башкармалыгынын токтомунун долбоору иштелип чыкты. Ага ылайык, мобилдик тиркемелер менен интернет-банкинг аркылуу акча которууларда комиссиялык төлөмдөрдү жокко чыгаруу сунушталууда. Мунун ичинде банктар ортосундагы транзакциялар дагы камтылган.
Кеп банктык эсептерди, карталарды жана электрондук капчыктарды колдонуу менен жасалган которуулар жөнүндө болуп жатат.
Кыргызстандын Улуттук банкы накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча иштер көптөн бери жүрүп жатканын белгиледи.
Эсептешүүнүн бул түрү өлкөнүн финансы системасынын туруктуулугун өнүктүрүү факторлорунун бири болуп саналып, каржы операцияларынын ачыктыгын камсыз кылат. Ошондой эле мамлекеттик бюджетти байытууда, коррупцияны алдын алууда жана адам факторунун таасирин азайтууда маанилүү ролду ойнойт.
Белгиленгендей, продуктуну ишке киргизүү баскычында мобилдик тиркеме аркылуу сунушталган бардык кызматтар акысыз көрсөтүлөт жана ар кандай лоялдуулук программаларын камтыйт.
Улуттук банк "Кара-Кыргыз автономдуу облусуна 100 жыл" күмүш монетасын чыгарды