"Манас" аэропорту Кыргызстан ичиндеги каттамдардын билет баасын айтты

Каракол менен Нарынга самолеттор кышка чукул уча баштамакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы жакын арада ички каттамдарды аткара баштай турганын "Манас" эл аралык аэропорту кабарлап, билет баасын кошо жарыялады.
Каттамдар:
Бишкек — Ош — 3300 сом;
Бишкек — Жалал-Абад — 3100;
Бишкек — Талас — 2100;
Бишкек — Баткен — 3300;
Бишкек — Раззаков — 3300;
Бишкек — Казарман — 3100.
Компания Каракол менен Нарынга учактар кышка чукул каттай турганын айтып, азырынча бул жактарга билет акысы каралып жатканын белгиледи.
"Каракол" аэропортунун курулушу күздө соңуна чыгат