ЕЭК министри соодадагы тоскоолдуктарга жол бербөө зарылдыгын эскертти

Жыйында кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын маал-маалы менен топтолуп жатканы тууралуу да кеп козголду.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. ЕАЭБдин ички чек арасы аркылуу жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга бөгөт коюлбашы керек. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев билдирди.
Ал Казакстан менен Кыргызстандын ишкерлери жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышкан Алматыдагы жолугушууда сүйлөдү. Анда Евразия экономикалык биримдигинде товарлардын эркин кыймылын камсыздоого байланыштуу маселелер менен көйгөйлөр талкууланды.
Министр биримдиктин ички чек арасы аркылуу жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга тоскоолдуктарды жаратууга жол бербөө зарылдыгын белгиледи.
"Бизнес биздин Биримдиктин экономикалык интеграциясын мындан ары өнүктүрүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү шарттарды түзүүгө болгон ниетибиз чоң экенин көрүшү керек", — деди Кожошев.
Анын айтымында, ЕЭК Россиядан Кыргызстанга Казакстан аркылуу жүктөрдү ташууда темир жол тарифинин жогорулашы боюнча Кыргызстандын кайрылуусун карап жатат. Ошондой эле кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын маал-маалы менен топтолуп жатканы тууралуу да кеп козголду.
ЕАЭБ БРИКС өлкөлөрү менен системалуу диалогду өнүктүрөт