81 жыл мурда: вермахт 30 дивизиясынан, миңдеген учак, танкаларынан кол жууган

Тарыхый салгылашуу 1943-жылдын 5-июлунан 23-августуна чейин созулган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Мындан 81 жыл мурда ушул күнү Курскиде немецтердин аскерлери талкаланган.
Вермахт Курск догосунда "Цитадель" жашыруун операциясынын алкагында 50 дивизияны алып келген. 5-июль күнү эртең менен гитлерчилер Курскини көздөй жыла баштап, бирок мөндүрдөй жааган окко туш болгон.
Курск салгылашуусу 1943-жылы 5-июлдан 23-августка чейин созулган. Бул убакыттын ичинде Кызыл армия Орел, Белгород жана Харьковду бошотуп, душманды 140-150 чакырымдай Батыш тарапка сүргөн. Вермахт 30га чукул тандалма дивизиясынан кол жууган, 500 миң киши өлгөн жана жаракат алган, 1500 танкасы, 3000 куралы, 3,7 миң учагы талкаланган.
Курс салгылашуусу Улуу Ата Мекендик согуштагы кандуу жана эң каардууларынын бири болуп кала берди. Жыйынтыгында стратегиялык демилге толук Советтик армиянын колуна өткөн.
Фашисттер талкаланып, РСФСРдин акыркы райондору бошогон. 80 жыл мурдагы тарых