Радио

Үйү камсыздандырылгандар кырсык болсо миллион сомго чейин жардам алат

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев кыймылсыз мүлктү камсыздандыруунун жол-жобосу тууралуу айтып берди.
Sputnik
Камсыздандыруу мыйзамы 2016-жылы кабыл алынганына карабастан аткарылышы талап кылынган эмес. Бул тууралуу Бактыгул Абдыжалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, турак жайды камсыздандыруу шаар жерлеринде жылына 1 200 сом, мамлекеттик камсыздандыруу бир миллион сомго чейин. Айыл жеринде 600 сом, мамлекеттик кепилденген сумма 500 миң сом болот.
"Биздин мамлекеттик камсыздандыруу уюму 2016-жылы түзүлгөн. Кыймылсыз мүлктү милдеттүү түрдө кабыл алуу боюнча мыйзам 2015-жылы кабыл алынган. Мыйзам күчүндө болсо дагы мамлекет анын аткарылышын талап кылган эмес. Турак жайды камсыздандыруу шаар жерлеринде жылына 1 200 сом, айыл жеринде 600 сом турат. Бул тарифтер 2016-жылдан бери көтөрүлгөн жок. Быйыл жаратылыш кырсыктары абдан көп катталды. Мисалы, буга чейин Ош шаарында эч качан сел болгон эмес. Азыр Ысык-Көл облусу да селден жабыркоодо. Айыл тургундары турак жайды камсыздандыруунун маанисин жакшы түшүнүп баштады. Себеби айына 600 сом төлөп, 500 миң сомго чейин камсыздандыруучу акча алууга мүмкүндүк бар. Учурда үйү камсыздалган төрт жаран 200-300 миң сом компенсация алышты. Жеке менчик камсыздандыруу мекемелери мындай төлөм менен 500 миң сом берип камсыздабайт. Бирок мамлекет мүмкүнчүлүк түзүп берди. Камсыздандыруунун өз жол-жобосу бар. Эң төмөнкү тариф 0,12 пайыз менен төлөнөт. Кырсык болгондон кийин эксперттер барып турак жайды анализдеп, акт түзүп канча пайызы жарабай калганын аныкташат. Ошого жараша мамлекет каражат бөлөт", — деди Абдыжалиев.
Ал камсыздандыруу полиси он күндөн кийин күчүнө кирерин кошумчалады.