Кылмыштуу топту каржылаган деп экс-депутат Нургазы Айдаров издөөгө алынды

Учурда трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери улантылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Өзбекстандын кылмыш дүйнөсүнүн лидери Салимбай Абдувалиевдин ишмердигин каржылаган деген шек менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нургазы Айдаровго издөө жарыяланганын УКМК кабарлады.
Маалыматта мындай факт кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы менен катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча оперативдүү тергөө иш-чараларынын алкагында аныкталганы айтылат.
"Тактап айтканда, Нургазы Айдаров Салимбай Абдувалиевдин укукка каршы ишмердигин жана "мыйзамдагы ууру" Камчыбек Асанбек менен болгон тыгыз байланыштарын билип туруп, Өзбекстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидерине ар тараптан сый-урмат көрсөткөн. Ал өз кезегинде Айдаровдун эки өлкөнүн аймагында жүргүзүп жаткан ишкердик жана башка иштерин колдогон", — деп жазылган билдирүүдө.
УКМК чогултулган материалдардын негизинде Айдаровго карата Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен сыртынан камакка алуу баш коргоо чарасы тандалганын кабарлады. Экс-депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана "Интерпол" линиясы боюнча издөө жарыяланган.
Учурда трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери улантылууда.
Нуржигит Кадырбеков УКМКнын сурагынан чыкты